Логистикалык компания KITAY.KG — тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү ишенимдүү өнөктөшүңүз. Жүк жеткирүүнүн толук циклин, жеткирүүчүлөрдү текшерүүнү жана бажы жол-жоболоштурууну камсыздайбыз.
Көп жылдык тажрыйбага жана Кытайдын негизги соода түйүндөрүндөгү (Гуанчжоу, Иу, Үрүмчү) өз кампаларыбызга таянып, сиздин бизнесиңиздин милдеттерине ылайыкташтырылган үзгүлтүксүз жеткирүү чынжырларын түзөбүз.
Бизди тандап, сиз жөн эле транспорттук компанияны эмес, эл аралык логистиканын дүйнөсүндөгү жол көрсөтүүчүнү тандайсыз.
Жүктүн туруктуу жеткирилишин камсыздайбыз, тобокелдиктерди азайтабыз жана бардык этаптарда милдеттенмелердин өз убагында аткарылышына кепилдик беребиз.
Логистикалык милдеттериңизди бизге ишенип тапшырыңыз — эл аралык жеткирүүнү жана акыркы чекитке чейинки жеткирүүнү үзгүлтүксүз камсыздайбыз.
Эл аралык жүк ташуу — толугу менен
Дүйнөлүк тармак
Натыйжалуу чечимдер
Көп жылдык тажрыйба жана эксперттик билим
Жеке жана комплекстүү мамиле
Толук талданган тогуз жеткирүү: маршрут, мөөнөт, сандар, жүктөөдөн тартылган сүрөттөр жана видео. Жалпы сөз жок — ар биринен эмне кылганыбыз көрүнөт.
КЕЙС 07
Контейнердеги балдар аянтчасы
Гуанчжоу — Бишкек · 14түн ордуна 12 күн · салмак 2 400 кг айырма
КЕЙС 08
60 тоннага автотараза
Циндао — Бишкек · 10 күн · өзүнчө машина менен 26 тонна
КЕЙС 09
SITRAK G7 480 тартуучусу
Үрүмчү — Тюмень · 18 күн · чек арадан өз күчү менен
КЕЙС 06
Неон жана гирлянда
Гуанчжоу — Новосибирск · 18 күн · төртүнчү жыл жеткирүү
КЕЙС 04
Кагаз өндүрүү линиясы
Фошань — Бишкек · 13 күн · төлөмгө чейин иштетип текшерүү
КЕЙС 05
Россияга автоунаалар
Кыргызстан аркылуу · 18–20 күн · сегиз шаар
Жүктүн салмагын жана көлөмүн көрсөтүңүз — болжолдуу наркын көрсөтөбүз.
Баа болжолдуу. Акыркы ставка товардын түрүнө, тыгыздыгына, сезонго жана багыттын жүктөмүнө жараша болот. Так наркты менеджерден тактаңыз.
Ташууга табыштаманы кантип калтырса болот?
Онлайн — сайттагы форманы толтуруп; телефон аркылуу +996 700 11 1688 же сурооңузду жиберiңиз info@kitay.kg.
Кандай кепилдик бересиздер?
Жүктүн бүтүндүгүнө, ташуу мөөнөттөрүнүн сакталышына жана бажы талаптарына толук ылайык келүүсүнө кепилдик беребиз. Ташуунун ар бир этабында жоопкерчилик бизде.
Жабдуу сатып алгым келет, бирок кантип экенин билбейм. Ылайыктуу вариантты жана өндүрүүчүнү таба аласызбы?
Ооба, жабдууну жана өндүрүүчүнү тандап беребиз, документтерди тариздейбиз, төлөмгө, сертификациялоого жана бажыдан өтүүгө жардам беребиз, керектүүсүн Кыргызстанга жеткиребиз. Табыштама калтырыңыз, кайра чалабыз.
Биз башка логистикалык компания менен иштешип жатабыз, бирок кыйынчылык чыкты. Сизге кайрылсак болобу?
Ооба, биз товарларды жана жабдууларды Кыргызстанга жеткирүүнүн ар кандай этабында жардам беребиз. Кайсы этапта кемчилик болгонун аныктайбыз, катаны оңдойбуз, жүктү жеткиребиз. Табыштама калтырыңыз, кайра чалабыз.
Кандай компаниялар менен иштейсиздер?
Ири өнөр жай жана соода ишканалары менен да, чакан бизнес менен да иштейбиз. Тажрыйбалуу кардарларга логистикалык маршруттардагы жана ТЭИдеги тар жерлерди табууга, татаал маселелерди чечүүгө жардам беребиз.
ТЭИ менен жаңы таанышып жаткан жана эл аралык рынокко чыгып жаткан кардарларга процесстерди жолго коюуга, ташууну жана логистиканы уюштурууга жардам беребиз.