Гуанчжоу, Иу жана Үрүмчүдөгү кампалар
150 кг дан партияларды топтойбуз
10 кг дан
Кошмо жүктүн
минималдуу салмагы
10–23 күн
Гуанчжоу жана Иудан
Бишкекке авто
3–7 күн
Гуанчжоудан Бишкекке
аба менен
150 кг дан
Партияларды топтоо
ар аптада жөнөтүү
Аптасына кампаларыбыздан чыгат
Кошмо жүктү кабыл алабыз
Партияларды топтойбуз
Кытай менен иштейбиз
Кытай — KITAY.KG үчүн негизги багыт. 2016-жылдан бери кытай жеткирүүчүлөрү жана фабрикалары менен иштейбиз: Гуанчжоу, Иу жана Үрүмчүдөгү өз кампаларыбызда жүктү кабыл алабыз, текшеребиз, 150 килограммдан партияларды топтоп, Кыргызстанга, Борбор Азияга, Россияга жана Европага жеткиребиз.
| Багыт | Транспорт | Мөөнөт |
|---|---|---|
| Кыргызстан | авто, аба | 10–23 күн, аба 3–7 күн |
| Казакстан | авто | 12–25 күн |
| Өзбекстан | авто | 15–25 күн |
| Россия | авто | 20–30 күн |
| Европа | деңиз, авто | жүккө жараша |
| АКШ, Канада, Австралия | деңиз: FCL жана LCL | жүккө жараша |
Карго. Килограмм үчүн бир баа, ага ташуу да, жол-жоболоштуруу да кирет. Алуучуга импорттук документтер керек болбогондо ыңгайлуу: базарлар, чекене соода, кичине партиялар.
Толук документтер менен жеткирүү. Келишим, инвойс, декларация, сертификаттар. Өзүңүз бажыдан өткөрөсүз же биз сиздин компанияга толук өткөрүп беребиз. Ири тармактар, маркетплейстер, тендерлер жана мамлекеттик сатып алуулар үчүн керек.
Гуанчжоу, Иу жана Үрүмчүдө өз кампаларыбыз бар. Товарды жеткирүүчүдөн кабыл алабыз, санын кайра эсептейбиз, жарактуулугун карайбыз, өлчөп-таразалайбыз, керек болсо кайра таңгактайбыз жана сүрөт жиберебиз. Партия жыйналганга чейин сактоо акысыз. Кампалардын дареги — кампалар бетинде.
Товардын аталышын, салмагын жана шаарын WhatsApp аркылуу жиберiңиз +996 700 11 1688 — бир сааттын ичинде эсеп беребиз.